Жашылдандыруу жанданды
Бишкек шаардык «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Анвар Атантаев:
Суроо: - Анвар Мирзагелдиевич, борборубуз союздун мезгилинде «Жашыл шаар!» деген сулуулукка бөлөнүп, айланабыз көркүнө чыгып турчу. Жашырганда эмне, ошол жашыл доорубуз көздөн учуп калды. Кайрадан жашыл, сулуу шаарга айлануу үчүн кандай аракеттерди жасап жатасыздар? Жооп: - Шаардын сулуулугу үчүн күрөшүү бир гана биздин ишкананын эмес, жалпы шаар жашоочуларынын жана коомчулуктун милдети деп эсептейм. Тилекке карты, бүгүнкү шаардын көрүнүшүнө ичибиз чыкпайт. Кадам сайын туш-тушка чачылган таштандыларды кезиктирүүгө болот. Атайын орнотулган урналарга «калдыктарды» таштоодон эрингендер четтен чыгат. Жашылдандыруу менен эле сулуу, ары көркөм шаарга айланып калбайт турбайбызбы? Жашылдандыруу менен экологиялык тазалыкты эриш-аркак жүргүзгөндө гана натыйжа чыгат белем?! Эми деле кеч эмес, унутулуп бараткан «Жашыл шаар» даңкыбызды кайрып алсак, дегенде эки көзүбүз төрт. Былтыр биздин ишкана жашылдандыруу багытында ат көтөргүс иштерди жасады. Мисалы, 5613 түп бак-дарак көчөтүн олтургуздук. 238 калемчелер, 25 миң бак-дарактуу тосмолор тигилди. Миллионго чукул бир жылдык ар түрдүү гүлдөр, 11500 түп роза өстүрүлдү. Мындан тышкары, 14500 түп бакдарактар кыркылып, буталып ирээтке келтирилди. Куурап калган, жол боюнда тоскоол болгон жараксыз бак-дарактар кыркылып алынды. 409 чакырым ирригациялык арыктар, 84 чакырым магистралдык жол жээгиндеги каналдар тазаланды. Ошондой эле мицдеген гектар жайсаң шибер чөптөр көркүнө келтирилди. 1 млн. 813 миң чарчы метр бак-дарактуу тосмолор кыркылып, ирээтке түштү. Мындай ирээтке келтирүү жумуштары ар 15 күндө болуп турат. 40 чакырым жер астынан кетүүчү суу жабдуулары тазаланды. Эмгек жамаатыбыз күндүн суук, ысыктыгына карашпай жакшы эмгектеништи.
Суроо: - Айрым мекеме, ишканалардын алдынан өтүп баратып, кароосуз какшып калган, ырымга бир туп дарак, же гүл себилбеген айланасына аянычтуу карап калабыз. «Эшигин көрүп, төрүнө өт» деген сөздүн төркүнү ушунда жатса керек. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|