Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 23-июнундагы токтому
Иш № АД-15/2013 МБа Көзөмөл өндүрүш № 6-524/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Акматов Б.Дж., Аманалиева Б.К., сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу А., тараптардан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Ч.К.Акылбекованын (2016-ж. 11-майындагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда, ачык соттук отурумда И.Б.Мусаеванын Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 6-августундагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен И.Б.Мусаеванын Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 30-октябрындагы чечимине карата кассациялык тартипте даттануу процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган (төрагалык кылуучу судья: Толубаева У.М., судьялар: Түмөнов А.Ж., Аданбаев З.М. - баяндамачы). Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 30-октябрындагы чечими менен И.Б.Мусаеванын Кара-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-сентябрындагы 80 сандуу токтомунун 14-пунктун жана анын негизинде жүргүзүлгөн тутумдук каттоону жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. И.Б.Мусаевадан мамлекеттин пайдасына 13 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья: Абдугапаров А.А.),
ТАПТЫ:
Жаран Мусаева Ирысгүл Балтабаевна Баткен облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Кара-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-сентябрындагы 80 сандуу токтомунун 14-пунктун жана анын негизинде Кадамжай райондук жерге жайгаштрыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан А.Мусаевдин атына жүргүзүлгөн тутумдук каттоону жараксыз деп таап берүүнү суранган. Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 13-февралындагы чечими менен И.Б.Мусаеванын арызы толугу менен канааттандырылган. Кара-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-сентябрындагы 80 сандуу токтомунун Мусаев Абдулазизге тиешелүү 14-пункту, Кара-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-сентябрындагы 80 сандуу токтомунун, Мусаев Абдулазизге тиешелүү 14-пунктунун негизиндеги тутумдук каттоо жараксыз деп табылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|