Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү, мэрияга караштуу шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн түзүмүнө өзгөртүү киргизүү, бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна, ылайык Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын, Токтогул шаардык кеңешинин «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат: 1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактыралгандыгы белгиленсин жана төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин. 2. Токтогул шаардык мэриясы боюнча: Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер - 3 штат; Баардыгы: 19 штат бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451) 3. Токтогул шаардык мэриясында келишимдин негизинде иштеген 3 (үч) кварталдык комитет башчылары менен келишимди узартып түзүү токтотулсун. 4. Токтогул шаардык кеңеши боюнча: Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги; Тейлөөчү персонал -2 штат; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|