Электрди керектөө аны өндүрүү көлөмүнөн ашып кетүүдө
Кыргызстандын Инженердик академиясынын 1-вице-президенти, техника илимдеринин доктору, профессор Карыпбек Алымкулов:
Суроо: - Карыпбек агай, акыркы 2 жылдан бери суунун аздыгынан энергия тартыштыгын баштан кечирип жатабыз. Бирок суунун азайып же көбөйүү цикли кайталанып турчу табияттын кубулушу болгондуктан буга чейин да мындай көрүнүш болуп келген. Мурда энергия тартыштыгын мынчалык сезген эмеспиз. Учурдагы энергия тартыштыгы суунун аздыгына гана байланыштуу маселеби же энергия өндүрүү аздык кылып жатабы? Жооп: - Суу жетишсиздик маселеси албетте, бар. Бирок, энергия өндүрүү кубаттуулугубузду арттыруу өтө зарыл. Акыркы жылдарда электр энергиясын керектөө өлчөөсүз өстү. Өзгөчө турмуш-тиричиликке керектөө көбөйдү. Союз учурунда турмуш-тиричиликке керектелген энергия бардык өндүрүлгөн энергиянын 17%ын түзгөн болсо, өндүрүшкө 62%, калганы мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге кетчү. Азыр турмуш-тиричилик керектөөгө жалпы өндүрүлгөн энергиянын 67%ы кетип, цифралар орун алмашты. Эл азыр көбүнесе үйдү жылытыш үчүн электр энергиясын колдонуп калышты. Атүгүл жайында деле керектөө азайбайт, себеби элдин басымдуу бөлүгү кондиционер колдонот. Мурда ар бир үйдө 3-4 электр приборлору болсо, азыр ар бир үйдө 10-15ке жетти. Ошол себептүү электр энергиясын керектөө көлөмү аны өндүрүүдөн ашып кетип жатат. Анын үстүнө абал өзгөрүп, азбы-көпбү өнөр жайы да иштей баштабадыбы. Мына жакында эле Талды-Булак алтын кени, Ала-Букада Бозымчак кени ишке кирди. Таш-Көмүрдөгү заводду да иштетебиз деп жатышат. Демек, азыр өнөр жайдын керектөөсү да өсүүдө. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|