Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-майындагы № 106 «Аскердик абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 845 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-берене. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) мамлекеттик тилдеги 27-беренесинин l-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацындагы «аскердик» деген сөз «согуштук» деген сөз менен алмаштырылсын; 2) мамлекеттик тилдеги 31-беренесинин 6-бөлүгүндөгү «согуш абалын» деген сөздөр «согуштук абалды» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-берене. «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгертүү киргизилсин: Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги преамбуласындагы «Аскердик» деген сөз «Согуштук» деген сөз менен алмаштырылсын. 3-берене. «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин; 1) мамлекеттик тилдеги 6-беренесинин l-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы «аскердик» деген сөз «согуштук» деген сөз менен алмаштырылсын; 2) мамлекеттик тилдеги 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «Аскердик» деген сөз «Согуштук» деген сөз менен алмаштырылсын; 3) мамлекеттик тилдеги 11-беренесинин 3-пунктундагы «аскер абалын» деген сөздөр «согуштук абалды» деген сөздөр менен алмаштырылсын; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|