Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 23-январындагы токтому
Иш № АД-103/16 МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-1116/16 АД, 6-71/17 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Боронбаева Д.С., судьялар: Джумашов К.О., Арапбаев Н.М., соттук отурумдун катчысы: Токтогазиев Р.Б., тараптар: А.А.Эсеналиевдин жана анын өкүлү С.К.Бектурсуновдун (2016-жылдын 17-августундагы ишеним каттын негизинде), Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү К.А.Асаналиевдин (2017-жылдын 20-январындагы ишеним каттын негизинде), Т.Ж.Сыдыгалиевдин жана анын өкүлдөрү А.Ж.Сыдыгалиевдин, Б.Ж.Сыдыгалиевдин (2016-жылдын 13-майындагы ишеним каттын негизинде), С.Доолбековдун (2016-жылдын 29-декабрындагы № 317 табыштоо-ордеринин негизинде) катышуулары менен ачык соттук отурумда А.Эсеналиевдин Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 13-майындагы аныктамасына, Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 4-июлундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
ТАПТЫ:
А.Эсеналиев Талас районуна караштуу Бердике Баатыр айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-апрелиндеги № 59 токтомун жана бул токтомдун негизинде Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Т.Сыдыгалиевдин наамына 2004-жылдын 16-октябрында берилген сериясы 0017333 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган. Аталган арыз менен биргеликте А.Эсеналиев сотко арыз менен кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч келтирген. Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 13-майындагы аныктамасы менен А.А.Эсеналиевдин өтүп кеткен арыз келтирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. А.А.Эсеналиевдин Бердике Баатыр айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-апрелиндеги № 59 токтомун, Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2004-жылдын 16-октябрындагы сериясы № 0017333 мамлекеттик актыны жокко чыгаруу жөнүңдөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган (төрагалык кылуучу: Нартаев Н.К.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|