«Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтому
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: - Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы № 34/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» токтому; - Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу» нускоонун жаңы редакциясы жөнүндө» токтомдун 6-пункту; - Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому менен бекитилген Улуттук банктын айрым ченедик актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолордун II-бөлүгү; - Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 43/4 «Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы № 34/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактары менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту жана токтомго карата тиркеменин 3-пункту; - Улуттук банк Башкармасынын «2003-жылы 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 15-январда 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|