Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 10/2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселе каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган: - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/1 «Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 12-мартында өлкөнүн Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу макроэкономикалык жагдайды камсыз кылуу, инфляция деңгээлин басаңдатуу, улуттук валюта курсунун туруктуулугун колдоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуз ишин камсыз кылуу жагында Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу мамлекет башчысына ырааттуу маалымат берилди. Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле, Кыргызстанда альтернативдүү инвестициялык инструменттерди - өлчөнгөн алтын куймаларды колдонууга киргизүү маселесин талкуулашты. Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесине көңүл бурулуп, атайы иштелип чыккан www.finsabat.kg сайты жана балдар үчүн каралган алгачкы китепче кароого сунушталды. Мамлекет башчысы финансылык ресурстарды өлкө жарандарынын жана ишкерлердин таламында натыйжалуу мобилизациялоого тийиш болгон финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү ишинин маанилүү экендигин баса белгиледи. Улуттук банктын нумизматикалык музейине «SOS Кыргызстан балдар айылында» тарбияланып жаткан балдар экскурсияга келишти Улуттук банктын нумизматикалык музейине «SOS Кыргызстан балдар айылы» коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан улан-кыздар үчүн экскурсия Кыргызстанда өтүп жаткан жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» (GlobalMoneyWeek) алкагында уюштурулган. Экскурсияга 20дан ашык балдар жана «SOS Кыргызстан балдар айылынын» кызматкерлери катышты. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|