Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 9-апрелиндеги токтому
Иш № АД-109/14-МН Көзөмөл өндүрүшү № 6-188/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Боронбаева Д.С., Арапбаев Н.М., катчы: Ташиев А., тараптар: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлү Э.Эргешова (2014-жылдын 30-июнундагы ишеним кат), А.Кашкаровдун өкүлү Жамансариев О.А. (2015-жылдын 3-февралындагы ишеним кат), Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Нарын райондук башкармасынын өкүлү У.Батыркановдун (2014-жылдын 8-январындагы ишеним кат) катышуулары менен, ачык соттук отурумда «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводунун Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 26-ноябрындагы токтомуна карата көзөмөл даттануусун карап, ал токтом менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 10-июлундагы чечими бузулуп, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган. «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси А.Омуровдун Нарын райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 25-ноябрында камакка алынган Кара-Кужур өрөөнүндөгү Дон-Корумду жана Туура-Суу участокторунда жайгашкан эки сарайды кайра камактан чыгарып берүү жөнүндө арызы канааттандыруусуз калтырылган. Кассациялык даттануу канааттандырылган (төрагалык кылган Амиракулова З.Т., судья Байышов М., судья - баяндамачы Ташмамбетов Т.Т.). Нарын областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 10-июлундагы чечими менен «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси Омуров Айбек Аралбековичтин арызы толугу менен канааттандырылган. Нарын райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Маатов Тилек Муканбетович тарабынан 2013-жылдын 25-ноябрында камакка алынган Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Дон-Корумду жана Туура-Суу участокторунда жайгашкан сарайлар камактан чыгарылган. Нарын областтык Сот департамент башкармалыгынан 1000 сом мамлекеттик алым мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылган Акбердиев М.),
ТАПТЫ:
«Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводу Нарын райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 25-ноябрында камакка алынган Кара-Кужур өрөөнүндөгү Дон-Корумду жана Туура-Суу участокторунда жайгашкан эки сарайды кайра камактан чыгаруу жөнүндө арызы менен сотко кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|