Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучуларды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулар кызматынын) суу алдында техникалык (суучулдук) иштерди жүргүзүү иштери тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызматтарына тарифтердин прейскурантын макулдашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы «Аткаруу бийлигинин, анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана мекемеге караштуу мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» № 85 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобого ылайык, буйрук кылам: 1. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучуларды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулар кызматынын) суу алдында техникалык (суучулдук) иштерди жүргүзүү иштери тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызматтарына тарифтердин прейскуранты берилген материалдардын негизинде, тиркемеге ылайык макулдашылсын. 2. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучуларды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулар кызматынын) суу алдында техникалык (суучулдук) иштерди жүргүзүү иштеринин жетекчилигине жүктөлсүн. 3. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучуларды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулар кызматынын) суу алдында техникалык (суучулдук) иштерди жүргүзүү иштери: - 10 күндүк мөөнөттө бул прейскурантты бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине берсин. Белгиленген мөөнөттө бекитилген прейскурант берилбесе бул буйрук жараксыз болуп эсептелет; - бул прейскурантты мамлекеттик жана расмий тилдерде керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерге жайгаштырсын. 4. Бул прейскурант бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|