Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 17-майындагы токтому
Иш № ЭД-000186/15-MO Көзөмөл өндүрүшү № 6-163/16 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Базаралиева А.М., судьялар: Осмоналиев К.Т., Арапбаев Н.М., сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу Адил, «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү А.Б.Омуровдун 2016-жылдын 17-мартындагы № 17/16 сандуу ишеним каттын негизинде катышуусу менен ачык соттук отурумда «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-октябрындагы чечимине, Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 2-мартындагы токтомуна карата көзөмөл даттануусун карап, Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-октябрындагы чечими менен «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунун доо арызы канааттандырылган. «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдасына «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен 752500 сом өндүрүлгөн. «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин пайдасына 25050 сом мамлекеттик алым жана 310,24 сом почта чыгымы өндүрүлгөн (төрагалык кылган Матраимов Н.Т.). Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 2-мартындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-октябрындагы чечими өзгөртүлгөн. «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунун доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдасына «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунан өндүрүлгөн 752500 сом 160500 сомго чейин төмөндөтүлгөн. «Адылбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен өндүрүлгөн 25050 сом мамлекеттик алым 6920 сомго төмөндөтүлгөн. «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунан 10942 сом мамлекеттик алым республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн. Кассациялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган. Кассациялык даттанууну кароонун жыйынтыгы менен «Спейс» жоопкерчилиги чектелген коомунан 5471 сом мамлекеттик алым республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылган Каримова Р.А. судья - баяндамачы, судьялар: Салиев К.А., Эгембердиева А.У.),
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|