Элеттик аялдарга ишкердик чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт
18-июнда Кыргызстанда Элеттик аялдар күнү белгиленет. Аны утурлай Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан Талас облусунда «Элеттик аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу төртүнчү республикалык конференциясы өтөт. Иш-чаранын чоо-жайы тууралуу министр Кудайберген Базарбаев менен кыскача баарлаштык: Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев:
Суроо: - Кудайберген Базарбаевич, Сиздердин министрлик үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда Талас шаарында элеттик аялдарга арналган конференция өткөрүүнү пландап жатканы белгилүү. Бул конференциянын максаты жөнүндө айтып берсеңиз? Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 363 токтомуна ылайык жыл сайын 18-июнь күнү Кыргызстанда Элеттик аялдар күнү белгиленет. Республикалык масштабдагы конференция быйыл төртүнчү жолу Талас облусунда бардык аймактардан келген 150дөн ашык айымдардын катышуусунда өткөрөбүз. Бул конференциянын негизги максаты - элеттик эмгекчил аялдардын ишинин ийгиликтүү жыйынтыктарын пропагандалоо, ошол эле учурда экономикалык, укуктук шарттарын, социалдык статусун жогорулатуу болуп эсептелет. Кыргызстанда мындай конференцияны өткөрүү салтка айланган. Мисалы, мурдагы жылдары биз Баткен, Нарын, Чүй облустарында белгилегенбиз. Буга бардык аймактардан аялдар катышып, өздөрүнүн колунан жаралган улуттук буюмдарын, айыл-чарба продукцияларын, кыргыздын улуттук даамдары коюлган көргөзмө өткөрүү менен бирге ийгиликтүү тажрыйбалары менен ой бөлүшүшкөн.
Суроо: - Конференцияда негизинен кандай олуттуу маселелер көтөрүлөт? Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|