Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы токтому
Иш № АД-292/14 МД Көзөмөл өндүрүшү № 6-419/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Джумашов К.О., судьялар: Боронбаева Д.С., Осмоналиев К.Т., катчы: Абышов Б., тараптардан: М.Сапановдун өкүлдөрү - М.Сапанова, Н.Баймуратовдун (ишеним кат 2015-жылдын 12-июнунан) катышуусунда, ачык соттук отурумда М.Сапановдун Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, ал токтом менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 28-мартындагы чечими жокко чыгарылган. Иш жаңыдан кароого ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Кассациялык арыз жарым-жартылай канааттандырылган (төрагалык кылуучу Эгембердиева А.У., судьялар: Салиев К.А., Масабирова Т.Ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын угуп, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия
ТАПТЫ:
Мырзаев Жолдубай, Сапанов Мамараим, Султанова Нурбүбү, Саттиев Акмат, Сапанова Маликахан Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылышып, анда Мады айыл өкмөтүнүн токтомдорун, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 1-сентябрындагы № 539 токтомун, К.Омурзаковго берилген мамлекеттик актыларды жокко чыгарып берүүнү сурашкан. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|