Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 16-июнундагы токтому
Иш № АД-140/14-МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-211/15 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы, курамында: төрагалык кылуучу: Джумашов К.О., судьялар: Акматов Б.Дж., Боронбаева Д.С., сот отурумунун катчысы: Абышов Б.К., Кара-Буура райондук социалдык фонд башкармалыгынын өкүлү А.Джаныбаевдин (2014-жылдын 9-октябрындагы № 236 ишеним катынын негизинде) катышуусунда, ачык соттук отурумда Талас областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 12-ноябрындагы чечимине, Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 18-февралындагы аныктамасына келтирилген көзөмөл даттануусун карап, Талас областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 12-ноябрындагы чечими менен доо арыз канааттандырылган. Жоопкерден Кыргыз Республикасынын Кара-Буура райондук Социалдык фонд башкармалыгынын пайдасына негизги карыз 253200 сом өндүрүлгөн. Чолпонбай айыл өкмөтүнөн мамлекеттин пайдасына 12660 сом мамлекеттик алым жана 168 сом почталык чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылган Бекмурзаев А.Т.), Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 18-февралындагы аныктамасы менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 12-ноябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Чолпонбай айыл өкмөтүнөн апелляциялык даттануу үчүн мамлекеттин пайдасына 6330 сом мамлекеттик алым жана 200 сом почталык чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылган Ибраимов М.И., судьялар: Жамангулов Ж.Ж., Токтосун уулу К.),
ТАПТЫ:
Кара-Буура райондук Социалдык фондунун башкармалыгы Талас областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 22-статьясына ылайык, Фондго камсыздандыруу салымдарын төлөө аны төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн милдеттүү болуп эсептелерин, бирок «Чолпонбай» айыл өкмөтү камсыздандыруу салымдарын убагында төлөбөгөндүктөн, анын карызы 253200 сом болгондугун, андыктан Чолпонбай айыл өкмөтүнөн Кара-Буура Социалдык фонд башкармалыгынын пайдасына негизги карызы 253200 сомду өндүрүп берүүнү суранган. Сот тарабынан жогорудагыдай чечим кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|