Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 6-сентябрындагы токтому
Иш № АД-000561/15-МО; № АД-000434/16-МО Көзөмөл өндүрүшү № 6-709/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылган: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Осмоналиев К.Т., Арапбаев Н.М., сот отурумунун катчысы: Камчыбеков Т., тараптардан: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Төрөмаматов Э. (2016-жылдын 19-июлундагы ишеним кат), «Кыргыз соода биримдиги» ЖЧКнун өкүлү - А.К.Эргешовдун (2016-жылдын 24-мартындагы ишеним кат), Сарай айыл өкмөтүнүн өкүлү - К.У.Абдрахмановдун (2016-жылдын 16-апрелиндеги ишеним кат), Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү - Б.Баймуратовдун (2016-жылдын 20-апрелиндеги ишеним кат) катышуулары менен, ачык соттук отурумда «Кыргыз соода биримдиги» Жоопкерчилиги чектелген коомунун жана Ош облусунун прокуратурасынын Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 22-июнундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун жана көзөмөл сунушун карап, ал аныктама менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечими толугу менен бузулуп, Кара-Суу прокуратурасынын Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 7-февралындагы № 20 сандуу токтомунун 5-пунктун жана Сарай айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-майындагы № 61 «а» сандуу токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү өндүрүштөн токтотулуп, Мирзаев Кумирхандын өкүлү Вахитов Валерьян Ахметовичтин кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылган (төрагалык кылган Аширбаев И.М. баяндамачы, судьялар: Токтомушев М.М., Асаналиева А.А.), Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечими менен Кара-Суу райондук прокуратурасынын арызы канааттандырылып, Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 7-февралындагы № 20 сандуу токтомунун 5-пункту кабыл алынган күндөн баштап жараксыз деп табылып Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-майындагы № 61 «а» сандуу токтому кабыл алынган күндөн баштап жараксыз деп табылып, жоопкерлер Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан жана Кара-Суу районунун Сарай айыл округунан ар биринен мамлекеттик бюджеттин пайдасына 1000 сомдон мамлекеттик алым, 230 сомдон почта чыгымдары өндүрүлгөн (төрагалык кылган Матраимов Н.Т.),
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|