8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби (2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын (мындан ары - кызматчы) жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, берүү жана ар кандай башка пайдалануунун, ошондой эле анын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 26-беренесине ылайык өздүк ишин жүргүзүүнүн эрежелерин аныктайт. 2. Кызматчынын жеке маалыматтары - бул кызматчыны ким экендигин күбөлөндүргөн жана анын өздүк ишинде камтылган же болбосо ушул Тартипке ылайык өздүк ишине киргизилүүгө жаткан фактылар, окуялар жана жеке турмушунун кырдаалдары жөнүндө маалыматтар. 3. Кызматчылардын өздүк ишине киргизилген жеке маалыматтар, кызматчылардын өздүк ишинде камтылган башка билдирүүлөр купуя мүнөздөгү маалыматтар болуп саналат (жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого уруксат берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген маалыматтардан башка). 4. Жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги кызматчылардын өздүк ишинде камтылган жеке маалыматтарды укуксуз пайдалануудан жана жоготуп жиберүүдөн корголушун камсыз кылат. 5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилиги өздүк ишти жүргүзүү үчүн кызматчылардын жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, өткөрүп берүү жана ар кандай башка пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (мындан ары - жеке маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) жана жеке маалыматтарды коргоо режимин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартуучу персоналды башкаруу кызматын же өзүнчө кызматкерди аныктайт. 6. Кызматчынын жеке маалыматтарын алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүүдө персоналды башкаруу кызматы же жеке маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|