Тарых жана маданият жылына арналган республикалык сырттан өткөрүлүүчү «Көчмөн элдердин маданий мурасы» жерин таануу сынагы жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы тарых жана маданият жылына арналган иш чараларды аткаруунун алкагында, буйрук кылам: 1. Кыргызстандагы тарых жана маданият жылына арналган «Көчмөн элдердин маданий мурасы» республикалык сырттан өткөрүлүүчү жерин таануу сынагынын жобосу бекитилсин (№ 1 тиркеме). 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу, туризм борбору (Полянская Г.Р.) 2016-жылдын 25-апрелинен 15-июнуна чейин Кыргызстандын тарых жана маданият жылына арналган «Көчмөн элдердин маданий мурасы» республикалык сырттан өткөрүлүүчү жерин таануу сынагын өткөрсүн. 3. Шаардык, райондук Билим берүү башкармалыгынын башчылары аталган иш-чараны өткөрүүдө колдоо көрсөтүп, мектеп окуучуларынын активдүү катышуусун камсыз кылышсын. 4. Республикалык сырттан өткөрүлүүчү «Көчмөн элдердин маданий мурасы» жерин таануу сынагын каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу, туризм борборуна бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн. 5. Берилген буйруктун аткарылышы Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана тескөө башкармалыгына (Үсөналиев М.Ж.) жүктөлсүн.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 474/1 буйругуна№ 1 тиркеме
Кыргызстандагы тарых жана маданият жылына арналган республикалык сырттан өткөрүлүүчү «Көчмөн элдердин маданий мурасы» жерин таануу сынагы жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу, туризм борбору 2016-жылдын 25-апрелинен 15-июнуна чейин Кыргызстандагы тарых жана маданият жылына, Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндарына арналган «Көчмөн элдердин маданий мурасы» республикалык сырттан өткөрүлүүчү жерин таануу сынагын өткөрөт (мындан ары - сынак).
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|