Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 17-апрелиндеги токтому
Иш № 5-929/15 ГД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Жумагулов П.Ж., судьялар: Чаргинова Т.Т., Исакова Ж.М., сот отурумунун катчысы: Рысалиев Э., тараптар: Таш-Көмүр шаардык мэриянын 2017-жылдын 13-апрелиндеги ишеним каты боюнча өкүлү Р.К., А.Т., Р.М. 2014-жылдын 12-июнундагы ишеним каты боюнча өкүлү Ч.М., «Х» ААКнун 2017-жылдын 31-декабрына чейинки ишеним каты боюнча өкүлү А.О. катышуулары менен, соттун ачык отурумунда Р.М. өкүлү Ч.М. Жалал-Абад облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 27-декабрындагы токтомуна карата көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча жарандык ишти карады. Иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Ж.Исакованын баяндамасын, ишке катышкан тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
«Х» ААКнун Жалал-Абад газ чарба башкармалыгынын башчысы А.Н. сотко доо арыз менен кайрылып, анда 2011-жылдын 16-ноябрындагы М.Р.А. менен «Х» ААКнун Жалал-Абад газ чарба башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн жана Таш-Көмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында 2011-жылдын 12-декабрында катталган сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап берүүнү сураган. Ал эми, А.Т. сотко доо арызы менен кайрылып, анда 2011-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган протоколду жана 2011-жылдын 16-ноябрындагы М.Р.А. менен «Х» ААКнун Жалал-Абад газ чарба башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн № 11 сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап берүүнү сураган. Соттук отурумда Р.М. өкүлү Ч.М. «Х» ААКнун доо арыз менен сотко кайрылууга аталган юридикалык мекеме бүгүнкү күндө жоюлуп кеткендигине байланыштуу укугу жоктугун көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-беренесинин негизинде ишти кароону токтотуп берүүнү сураган. Майлуу-Суу шаардык сотунун 2016-жылдын 20-сентябрындагы аныктамасы менен М.Р.А. өкүлү Ч.М. өтүнүчү канааттандырылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|