Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн бекитилген тарифти төлөөдө айрым категориядагы үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди берүү жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-июлундагы № 127 токтому
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, шаар Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу «Калктын социалдык абалы, даректүү жардам жана жумушсуздук, экология» жана «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышынында кароого алынган. Туруктуу комиссиялардын кортундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат: 1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиялардын корутундусунун жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин. 2. 2017-жылдын 01-июлунан баштап төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөргө жана анын мүчөлөрүнө катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн ай сайын төлөнүүчү тарифтик төлөмдөн 50% жеңилдик берилсин: I топтогу майыптыгы бар үй бүлөлөргө; туберкуллез менен ооругандардын үй бүлөлөрүнө; ата-энесинен ажыраган, мектеп жашындагы балдар (тоголок жетим) жашаган үй-бүлөлөргө; ЧАЭС апаатын жоюуга катышкандардын үй-бүлөлөрүнө; Афган согушунун, Баткен окуясынын катышуучуларынын үй бүлөлөрүнө; Аз камсыз болгон, көп балалуу үй бүлөлөргө (тиркемеге ылайык); Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|