Көзү көрбөйт иштей албайт дегендерге иштин көзүн көрсөттүм
Дастан Бекешов: Кыргызстанда V чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүтүп баратат. Азыркы Жогорку Кеңеш Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алгандагы алгачкы парламенти катары тарыхта калары белгилүү. Ушул чакырылыштагы депутаттардын арасында өз эмгеги, акылы, идеяга бай жана ишмердүүлүгү менен айырмаланган адамдар жок эмес. Алардын бири - Дастан Бекешов. Биз Дастан мырзанын бир күндүк депутаттык ишине аралашып, жанында жүрдүк.
Биз Дастан Бекешов менен 3-кабатта отурган кабинетинде жолугуштук. Учурашкан соң жыйындар залына кирдик. Ал күн ар түрдүү маселелер жана 26 маселе карала турган сессия күнү болчу. Эл өкүлү жыйындар залына кирер менен төрагалык кылуучу Төрөбай Зулпукаровго «саат 11ден кийин күн тартибиндеги мыйзамдарды, саат 14төн баштап паспорт маселесин карабайлыбы» деген сунушун берди. Бул күнү жыйындар залына 89 гана депутат келди. Каттоодон баары өттү. Анан ар кандай маселелерди кароо башталды. Маселе айтууга жазылган Бекешов Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, 25-майда «Фучик» паркында мыйзамсыз жер сатуу боюнча митинг өткөнүн, мыйзамсыз жер саткандарга кылмыш козгош керек экенин, прокуратура, милиция кызматкерлери ар кандай ишканаларга киришип, баш-аягы жок текшерип жатышканын, бул анархия экенин, алардын финансылык ишмердүүлүгүн финполиция, салык кызматы гана текшерсе деген оюн билдирди. Ар кандай маселелерде Равшан Жээнбеков Кыргызстанда гепатит С абдан күчөп баратканын, Турсунбай Бакир уулу мектепте сексуалдык билим берүүгө каршы экенин, Данияр Тербишалиев 400 киши оң рулдуу машиналарды кредитке алышканын, алардын мөөнөтү жакында бүтөөрүн айтышты. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|