Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 27-июнундагы токтому
Иш№ АД-000750/16 МО Көз. өнд. № 6-538/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Боронбаева Д.С., Джумашов К.О., сот отурумунун катчысы Абдраев Н., тараптардан: Дунаев Анарбайдын, Карыбекова Анаркандын, Дунаева Айларканынын өкүлү М.Жуманазаровдун (2016-жылдын 5-февралындагы ишеним каттын негизинде), Ч.Джамбаеванын, анын өкүлү У.Калиловдун (2016-жылдын 16-мартындагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда соттук ачык отурумда Ч.Джамбаеванын Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибинде даттануусун карап чыгып, ал токтом менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 9-февралындагы аныктамасы-толугу менен бузулган. Административдик иш негизи боюнча кароо үчүн ошол эле сотко жиберилген. Арыздануучулардын өкүлү М.Жуманазаровдун кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылган, (төрагалык кылган жана баяндамачы-судья: Аширбаев И.М., судьялар: Каримова Р.А., Эгембердиева А.У.) Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 9-февралындагы аныктамасы менен арыздануучулар Дунаев Анарбай, Карыбекова Анаркан, Омурзакова Айчолпон, Дунаева Айларкан, Дунаева Анаргүл Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы З.Джаанбаевге чыгарган № 1323 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арыз менен кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү арызы канааттандырылуудан баш тартылган. Арыздануучулар Дунаев Анарбай, Карыбекова Анаркан, Омурзакова Айчолпон, Дунаева Айларкан, Дунаева Анаргүл Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы З.Джаанбаевге чыгарган № 1323-токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү өндүрүштөн токтотулган (кыскартылган). Дунаев Анарбай. Карыбекова Анаркан, Омурзакова Айчолпон, Дунаева Айларкан, Дунаева Анаргүлдөрдон 1000 сом мамлекеттик алым жана 151 сом почталык чыгым өндүрүлгөн, (судья: Каипова Н.К.)
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|