Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 28-июнундагы токтому
Иш № АД-207/12-МД Көзөмөл өндүрүшү № 6-535/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Боронбаева Д.С., судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж., сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу А., тараптар: А.Хабиевдин катышуусунда, ачык соттук отурумда А.Хабиевдин Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2012-жылдын 27-декабрындагы аныктамасына, ал аныктама менен Хабиев Асадиллонун доо арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган, (Төрагалык кылуучу А.Айжигитов), жана Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, ал аныктама менен Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2012-жылдын 27-декабрындагы аныктамасына карата келтирилген кассациялык даттануунун процессуалдык мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартылган (Төрагалык кылуучу жана судья-баяндамачы М.Алаев, судьялар: Г.Токтогулова, А.Абдраимов)
ТАПТЫ:
А.Хабиев Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна Сузак райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн аткаруу өндүрүшүнүн негизинде 2012-жылдын 11-июлунда чыгарылган № 4-155 токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арыз менен кайрылган. Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар кабыл алынган. Кабыл алынган биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун соттук актылары менен макул болбой А.Хабиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылып, анда Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2012-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасы, Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасы мыйзамсыз, туура эмес кабыл алынгандыгын белгилеп, аларды толугу менен бузуп, ишти кайра жаңыдан башка соттун курамында кароого жиберүүнү сураган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук отурумуна Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык соттук кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган Г.Нургазиева, С.Дюшенбеков жана Сузак райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү келишкен жок. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|