Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 233 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5249-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5376-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамы менен кабыл алынган
1-берене. «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 3-беренеде: - үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «табигый монополия - товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө (көрсөтүүгө) байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы;»; - сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «табигый монополиялардын чөйрөсү - ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат;»; - төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын: «киреше - активдердин (акчалай каражаттар, башка мүлк) агымы, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо табигый монополиянын субъектисинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенменин азаюусу.». 2. 4-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|