Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 31-майындагы токтому
Иш № АД-208/2013 МБа Көзөмөл өндүрүш № 6-444/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К., судьялар Джумашов К.О., Осмоналиев К.Т., сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу А., тараптардан: Б.Мамбетова, өкүлү - Н.Таштанова (ишеним кат 2016-жылдын 1-мартынан), Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Д.Сиддиковдун катышуусунда, ачык соттук отурумда Б.Мамбетованын Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 29-июлундагы аныктамасына, Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 29-июлундагы аныктамасы менен Б.Мамбетованын доо коюу мөөнөтүн калыбына келтирип берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. Б.Мамбетованын М.Төрөкуловго, Майдан айыл өкмөтүнө, Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата Майдан айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-январындагы М.Төрөкуловго менчик укугунда 0,20 га жер участогун жана турак-жайын бекитип берүү жөнүндөгү № 16 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Майдан айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-июнундагы М.Төрөкуловдун жер аянты 0,20 га деген цифра 0,2412 га деген цифра менен алмаштырылсын деген № 69 токтомун, Майдан айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-июнундагы № 69 токтомунун негизинде 0,2412 га жер участогуна карата 2007-жылдын 29-мартында жүргүзүлгөн № 407 сандуу каттоону жана жеке менчик укугу жөнүндө берилген № 0050416 сериядагы мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы боюнча административдик иш боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган (төрагалык кылуучу Жаманкулов М.Р.). Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасы менен Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 29-июлундагы аныктамасы күчүндө, кассациялык арыз канааттандыруусуз калтырылган. Б.Мамбетовадан мамлекет пайдасына 175 сом өлчөмүндө соттук чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу Нарынбаев Т.П., судьялар: Алибаев Б.М., Аданбаев З.М.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|