Долбоор
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Макулдашуу
КР Президентинин 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 247 буйругу менен жактырылган
Киришүү
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы, мындан ары «Сүйлөшүүчү тараптар» деп аталып, улуттук суверенитет жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жаатында натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүдө өз ара кызыкчылыктан улам, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Терминдердин аныктамасы
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдердин аныктамасы төмөндө чечмеленет: «Өкүм чыгарган мамлекет» - аймагындагы сот өткөрүп берүүчүгө объектиге карата түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жазалоонун башка формасында жөнүндө өкүм чыгарган мамлекетти түшүндүрөт; «Өкүмдү аткарган мамлекет» - анын жараны болуп эсептелген адамга карата өз аймагында түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жаза формасын аткарууну камсыздаган мамлекетти түшүндүрөт; «Соттолгон адам» - кылган кылмышы үчүн түрмөгө камоого же эркинен ажыратуунун башка жазасына Сүйлөшүүчү тараптардын биринин соту тарабынан өкүм чыгарылган адамды түшүндүрөт; «Соттолгон адамдын туугандары» - соттолгон жарандын мамлекетинин мыйзамында каралган мааниге ээ; «Сүйлөшүүчү тараптардын биринин компетенттүү органдары» - мыйзамдарга ылайык соттолгон адамдарды өткөрүп берүүгө кайсы бир деңгээлде катышкан органдарды түшүндүрөт.
2-берене. Макулдашууну колдонуу чөйрөлөрү
Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эркинен ажыратылган адам өкүм чыгарган Мамлекеттин аймагынан өкүмдү аткаруучу Мамлекеттин аймагына жазанын калган мөөнөтүн өтөө үчүн өткөрүлүп берилет.
3-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап эгер Сүйлөшүүчү тараптардын бири, соттолгон адамды өткөрүп берүү анын эгемендигин, коопсуздугун, коомдук тартибин бузса жана/же анын Конституциясына каршы келет деп эсептесе, баш тартылат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|