Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 23-июнундагы токтому
Иш № АД-10/15 МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-459/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Токбаева А.А., Боронбаева Д.С., катчы: Бекенов Т., тараптардан: Ы.Кенжетаевдин өкүлү - А.Чойбековдун, Т.Кенжетаевдин, Б.Кенжетаевдин өкүлү - К.Тилешованын, жактоочусу - А.Маматбекованын, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн өкүлү - А.Каримовдун, Кара-Буура райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын өкүлү - А.Шадыкановдун катышууларында, ачык соттук отурумда Ы.Кенжетаевдин Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 4-мартындагы чечимине карата көзөмөл даттануусун карап, ал чечим менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 15-июлундагы аныктамасы жокко чыгарылган. Иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган. Ы.Кенжетаевдин өтүп кеткен сотко арыз берүү мөөнөтү калыбына келтирилген. Ы.Кенжетаевдин Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 249 токтомунун Б.Кенжетаевдин наамына Үч-Булак айылынын Жаштык көчөсү № 55 жалпы аянты 0,16 га жер участогу берилген бөлүгүн жана Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик каттоосун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. Ы.Кенжетаевден республикалык бюджеттин пайдасына иш биринчи инстанциядагы сотто каралгандыгы үчүн 1000 сом жана экинчи инстанциядагы сотто каралгандыгы үчүн 500 сом мамлекеттик алым, соттук чыгымдар үчүн 200 сом өндүрүлгөн (төрагалык кылган: Омуралиев Б.С., судьялар: Боромбаев М.И., Ю.Жамангулов Ж.Ж. - баяндоочу), Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|