Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 29-ноябрындагы токтому
Иш № АД-211/13МД Көзөмөл өндүрүшү № 6-973/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу Базаралиева А.М., судьялар: Аманалиева Б.К., Арапбаев Н.М., сот отурумунун катчысы: Абышов Б.К., тараптардан: Абдукаимов М., Жалал-Абад шаарынын мэриясынын өкүлү Эшенов Ч.А., (2016-жылдын 4-мартындагы 01-22/7 сандуу ишеним каты), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Мурзакулов Т.Б. (2016-жылдын 18-июлундагы ишеним кат) катышуулары менен, ачык соттук отурумда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 19-августундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
ТАПТЫ:
Абдукаимов М. Жалал-Абад шаарынын мэриясына карата сотко арыз менен кайрылып, анда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү 60 батирлүү турак-жайдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында курулган турак-жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндөгү» токтомуна тиркелген № 3 тиркеменин негизинде М.Абдукаимовго 2010-жылдын апрель революциясынын баатыры, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын натыйжасында оор жаракат жана мертинүү, 3-топтогу майыптык алган жаран катары, оор үй-бүлөөлүк шартын жана жеке турак-жайы жок экендигин эске алып, үч бөлмөлүү турак-жай бөлүп берүү жагын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясын милдеттендирүүнү сураган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|