Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 31-майындагы токтому
Иш № АД-000152/2015 МБа Көзөмөл өндүрүшү № 6-443/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т., судьялар: Джумашов К.О., Аманалиева Б.К., сот отурумунун катчысы: Абышов Б.О., тараптардан: Г.Жороеванын, анын өкүлдөрү - Р.Ш.Аминовдун (2015-жылдын 16-февралындагы ишеним каттын негизинде) жана А.С.Таировдун (2016-жылдын 3-майындагы ишеним каттын негизинде), Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси - Д.А.Сиддиковдун катышууларында, ачык соттук отурумда Г.Жороеванын Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 15-июлундагы чечимине жана Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 15-июлундагы чечими менен Г.Жороеванын соттук чечимдердин негизинде 0,15 га өлчөмүндөгү жер участогуна карата Майдан айыл өкмөтүн жана Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгын анын атына токтом жана жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик акт берүүгө милдеттендирүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. Г.Жороевадан мамлекеттин пайдасына 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья Жаманкулов М.К.), Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы аныктамасы менен Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 15-июлундагы иш боюнча чечими күчүндө, кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. Г.Жороевадан мамлекеттин пайдасына 500 сом мамлекеттик алым, 130 сом соттук чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья Толубаева У.М., судьялар: Түмөнов А.Ж., Айжигитов Б.А. - баяндамачы),
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|