Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 40/2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан МФК «Компаньон финансылык тобу» ЖАКты «Компаньон Банк» ЖАКка кайра өзгөртүп түзүүгө алдын ала уруксат берүү жөнүндө чечими кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2015-жылдын 7-октябрында МФК «Компаньон финансылык тобу» ЖАКты «Компаньон Банк» ЖАКка кайра өзгөртүп түзүүгө алдын ала уруксат берүү жөнүндө чечими кабыл алынган. МФК «Компаньон финансылык тобу» ЖАКка коммерциялык банкты түзүүгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылгандан кийин банктык лицензия берилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензияларды берүү тууралуу чечимин кабыл алган Улуттук банк Башкармасынын чечими менен 2015-жылдын 8-апрелинде «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензияларды алууга алдын ала уруксат берилген. «Чанг Ан Банк» ААКсы банктык лицензияны алуу максатында 2015-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын аткарылышын тастыктоочу документтерди сунуштаган. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк Башкармасы «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензия берүү чечимин кабыл алган. «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө берилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 токтому Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 токтому менен улуттук валютада милдеттенмелер боюнча коммерциялык банктардын милдеттүү камдарынын өлчөмү 0,5 пайызга төмөндөтүлүп, 8,5 пайыз чегинде, ал эми чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча 0,5 пайызга жогорулатылып, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер суммасынын 9,5 пайызы чегинде белгиленген. Бул чечим 2015-жылдын 19-октябрынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Төрагасы «Financial Times» жана «Asian Review» сыяктуу чет өлкөлүк басылмалардын өкүлдөрү менен маектешти Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Financial Times» жана «Asian Review» сыяктуу чет элдик басылмаларынын кабарчылары - Джек Фарчи менен Якопо Деттониге интервью берди. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|