Долбоор
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Беларусь Республикасынын Гомель облусунун аткаруу комитетинин ортосундагы Соода-экономика, гуманитардык жана маданият, илимий-техникалык чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 417-б буйругу менен макулдук берилген
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Беларусь Республикасынын Гомель облустук аткаруу комитети (мындан ары «Тараптар» деп аталышып), - экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты орнотуудагы, бекемдөөдөгү жана кеңейтүүдөгү өз ара кызыкчылыкты эске алып; - тең укуктуулуктун, өз ара пайдалуулуктун, түшүнүүнүн, урматтоонун жана ишенимдин негизинде, эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуп; - Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Беларусь Республикасынын Гомель облусунун аймактарында өз ишин жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы түз байланышты орнотуу жана кеңейтүү, жеке демилгеге жана ишкердикке колдоо көрсөтүүгө өзгөчө маани берип; - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана Тараптардын компетенцияларынын алкагында, төмөнкүдөй келишимге келишти:
1-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында, узак мөөнөттүү негизде, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чегинде, Тараптардын ар биринин кызыкчылыгын эске алуу менен, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө төмөнкүдөй багыттар боюнча көмөк көрсөтүшөт: - курулуш; - өнөр жай; - айыл чарбасы; - транспорт, логистика жана соода; - илим, техника, билим берүү; - маданият жана искусство; - туризм жана спорт; - экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, өз ара сооданы, өндүрүштүк, инвестициялык жана экономикалык кызматташтыктын башка түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|