Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 25-майындагы токтому
Иш № АД-32/14 МД С2 Көзөмөл өндүрүшү № 6-44/15 СА
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Джумашов К.О., судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Арапбаев Н.М., катчы: Абышов Б.К., тараптардын катышуусуз, ачык соттук отурумда С.Кубатованын Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 5-декабрындагы аныктамасына карата көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен арыз берүүчү С.Кубатованын өкүлү О.Кубатованын Жалал-Абад областтык сотунун 2014-жылдын 21-апрелиндеги аныктамасын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган (Төрагалык кылган: Алаев М.А., судья: Токтогулова Г., баяндоочу: Абдраимов А.),
ТАПТЫ:
Кубатова Сапарайым Ноокен райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы карызкордун кызмат акысына өндүрүп алууну буруу тууралуу токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндө арызы менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 26-февралындагы чечими менен арыздануу мөөнөтү калыбына келтирилген. Кубатова Сапарайымдын арызы канааттандыруусуз калтырылган. Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 21-апрелиндеги аныктамасы менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 26-февралындагы чечими алынып салынган. Арыздануучу Кубатова Сапарайымдын өкүлү Кубатова Орозайымдын арызданууга даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган, арыз боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2014-жылдын 5-августундагы токтому менен Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 21-апрелиндеги аныктамасы күчүндө калтырылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|