4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындгы № 706 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө Жобо (2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
1. Ушул Жобо «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин (мындан ары - Улуттук резерв) түзүүнүн жана иштешинин укуктук негиздерин жана тартибин аныктайт. 2. Улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу. 3. Улуттук резервдин максаттары: - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу; - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын уланмалуулугун жана туруктуулугун камсыздоо. 4. Улуттук резервдин милдеттери: - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө резервдегилердин тобун түзүү; - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери менен функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу аткара ала турган кадрларды тандап алуунун, андан ары окутуунун жана кызматта жогорулатуунун негизинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын өркүндөтүү менен сарамжалдуу пайдалануу; - тиешелүү кызмат орунуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык, резервдегилерди мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тийиштүү бош кызматына көтөрүү. 5. Улуттук резервди түзүүнүн принциптери: - квалификациялык талаптарга шайкеш келүү шартын сактоо менен, жынысына, расасына, майыптыгына, этностук таандыгына, дин ишенимине, саясий жана башка ынанымдарга, тегине же мүлктүк абалына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуттук резервге бирдей кирүүлөрү; - тандоодогу атаандаштык; - резервге кирүүдө жарандын өз каалоосу; - ачыктык, калыстык жана айкындуулук; - компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|