Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 81-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Латвия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап, эл аралык укуктун принциптерине ылайык калктын саламаттыгын жакшыртуу үчүн кызматташуунун ролун таанып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар теңчилик жана өз ара пайда принциптерине негизделип, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташууну ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүшөт: - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү, алгачкы медициналык жардамды жана адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, жаңы медициналык технологияларды ишке киргизүү жана оорулардын жайылып кетүү коркунучунда жардам көрсөтүү жана өз ара кызматташуу); - саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында Тараптардын мамлекеттери үчүн артыкчылыктуу темалар жана маселелер боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - макулдашылган квалификациялык талаптардын негизинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; - медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы каттоо жана сертификациялоо; - дары каражаттарын каттоо жана сапатын контролдоо; - дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы сатып алуу; - калктын саламаттыгын сактоо муктаждыктарына ылайык эксперименталдык, клиникалык жана профилактикалык медицина жаатында фундаменталдуу илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү өнүктүрүү; - саламаттык сактоонун жана медициналык илимдин экономикасы; - саламаттык сактоо системасынын алкагында маалыматтык технологияларды башкаруу, анын ичинде электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү; - инфекциялык оорулардын жайылышын чектөө жаатында координациялоо. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|