Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 408-б буйругу
2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга ылайык, Ыкчам жайылтуунун жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен тактикалык машыгуусун сапаттуу даярдоо жана өткөрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы 2016-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордук Азия регионунун Ыкчам жайылтуунун жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен «Чек-2016» биргелешкен тактикалык машыгуусун (мындан ары - биргелешкен машыгуу) өткөрсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү биргелешкен машыгууга тартылган аскердик контингенттин катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтерине жана ведомстволоруна белгиленген тартипте акча каражат бөлүп берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй зарыл чараларды көрсүн: - биргелешкен машыгуунун катышуучуларына алардын кыймылдуу мүлктөрүнө карата ар кандай укукка каршы аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча; - биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аскердик жана башка түзүмдөрүнүн, алардын кыймылдуу мүлктөрүнүн жүрүү маршруттары боюнча тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|