Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 24/2015
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын 2014-жыл үчүн отчетун бекитип берди 2015-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчетту кароого алып, бекитишти. Тиешелүү чечим парламенттин пленардык отурумунда кабыл алынган. Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов отчет берүү менен акча-кредит саясатынын негизги параметрлери, өткөн жыл үчүн банк тутумунун көрсөткүчтөрү жана валюта рыногунда орун алган жагдай тууралуу айтып берди. 2014-жылы катаал тышкы жана ички макроэкономикалык шарттар Кыргызстан экономикасын өнүгүшүнө оор таасир тийгизгендигин билдирген. Бул, продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөөсүндө да жана эмгек мигранттарынан келип түшкөн акча которуулар көлөмүнүн кыскарышында да байкалган. Мигранттардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 5,1%га же 107,9 млн. АКШ долларына төмөндөгөн. Экономикалык өсүш 3,6%ды түзгөн. Экспорт 8,1%га төмөндөп, 1,9 млрд. АКШ долларын түзгөн. Импорт 5,8%га төмөндөгөн жана 5,3 млрд. АКШ долларын түзгөн. Орточо жылдык инфляция 7,5%ды түзгөн. 2014-жылы акча базасы 64,5 млрд. сомду түзгөн. Толкунбек Абдыгулов белгилеп кеткендей эле, Улуттук банктын акча-кредит саясаты инфляцияны 7% деңгээлде колдоого багытталган, бул 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген. «Бул орто мөөнөттүк мезгил аралыгындагы биздин көрсөткүчүбүз. Баалардын өсүшүнүн орточо арымдарын колдоо Улуттук банктын милдетинен болгон. 2014-жылы инфляциянын орточо жылдык мааниси 7,5% деңгээлде түптөлгөн. Бүтүндөй жыл ичинде инфляциянын орточо жылдык мааниси 3,6-7,5% чекте өзгөрүлүп турган. Ошентип, акча-кредит саясатынын инфляция боюнча көрсөткүчү сакталган», - деп Улуттук банктын Төрагасы билдирген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|