Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 28-июнундагы токтому
Иш № АД-324/15 МО Көзөмөл өндүрүш № 6-537/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К. судьялар Джумашов К.О., Осмоналиев К.Т., сот отурумунун катчысы Абдраев Н. тараптардан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - Э.Төрөмаматовдун (ишеним кат 2015-жылдын 24-июлунан) катышуусунда, ачык соттук отурумда Э.Курбаналиевдин Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 5-октябрындагы аныктамасына карата келгирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, ал аныктама менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 3-июлундагы чечими алып салынган. Э.Курбаналиевдин Өзгөн шаар башкармалыгынын 2006-жылдын 27-июлундагы № 314 токтомун, Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкко укуктарды каттоо башкармалыгынын 2006-жылдын 11-августундагы сериясы Ч № 394028 сандуу мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндө сотко арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартылган. Э.Курбаналиевдин Т.Карабаевдин атына чыгарылган Өзгөн шаар башкармалыгынын 2006-жылдын 27-июлундагы № 314 токтомун жана Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Т.Карабаевдин атына 2006-жылдын 11-августунда берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү сериясы Ч № 394028 сандуу мамлекеттик актысын жараксыз деп таап берүү талабы боюнча сот иши өндүрүштөн токтотулган. (төрагалык кылуучу: Эгембердиева А.У., судьялар Аширбаев И.М., Масабирова Т.Ж.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлүнүн пикирин угуп,
ТАПТЫ:
Курбаналиев Эркинжан Махамадович сотко арыз менен кайрылып, анда сотко арыз менен кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирип, Өзгөн шаар башкармалыгынын 2006-жылдын 27-июлундагы № 314 токтомун, Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Т.Карабаевдин наамына берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүүнү суранган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|