Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 17-февралындагы токтому
Иш № 5-297/16 ГД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Жумагулов П.Ж., судьялар: Уметалиева Г.Д., Батыралиев Б.Б., сот отурумунун катчысы: Сагынбаев Н., К.Б., Т.С. 2015-жылдын 26-октябрындагы ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.М.Т. жана 2016-жылдын 1-февралындагы ишеним катынын негизиндеги өкүлү С.Б.Т. катышуусу менен, ачык соттук отурумда К.Б. Ысык-Көл облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 11-ноябрындагы чыгарган чечимине карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануунун негизинде жарандык иш каралды. Иш боюнча КР Жогорку сотунун судьясы Б.Батыралиевдин баяндамасын, тараптардын көрсөтмөсүн угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Доогер К.Б. Тоң райондук мамлекеттик нотариалдык конторасына карата сотко доо арызы менен кайрылып, арызында атасы Б.С. өлгөндүгү жөнүндө маалымат У. айыл өкмөтүндө сакталбагандыктан жана өлгөндүгү тууралу күбөлүк өз убагында жазылып берилбегендиктен, атасынан калган мураска мыйзам боюнча ээ болуу күбөлүгүн алуу мөөнөтүн узартып берүү чечимин чыгарып берүүсүн суранып доо арыз менен сотко кайрылганын, Тоң райондук соту 2014-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен анын эки суранычын канааттандырып, үчүнчү суранычы өзүнчө карала турган юридикалык факт болгондуктан канааттандырылган эместигин, атасы Б.С. өлгөндүгү тууралуу маалымат У. айыл өкмөтүндө сакталбагандыгын жана атасынын өлгөндүгү тууралу күбөлүк өз убагында жазылып берилбегендигин жүйөөлүү себеп деп эсептеп, атасынан калган мурас ачылды деп таап мураска мыйзам боюнча ээ болуу күбөлүгүн алуу мөөнөтүн кошумча узартып берүү чечимин чыгарып берүүсүн сураган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|