Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 12-мартындагы токтому
Иш № 5-433
КР Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылган: Ажибраимова А.М., судьялар: Арстанбаева Д.Э., Батыралиев Б.Б., сот отурумунун катчысы: Токтосопиева Н., тараптардан «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун катышуусу менен, ачык соттук отурумунда «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25-июнундагы чечимине карата келтирген көзөмөл тартибиндеги даттануунун негизинде жарандык иш каралды. Ал чечим менен Нарын шаардык сотунун 2013-жылдын 11-октябрындагы чечими өзгөртүлүп, жаңы чечим кабыл алынган. «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б. Б.С.дон 618225 сом 13 т. күрөөгө коюлган У.Кыдыралиеванын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүү жана «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун баштапкы доо арызынан баш тартып, жоопкер Б.С.дон 328225 сом 13 т. өндүрүү жөнүндө кошумча өтүнүч - доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. «А-А» кредиттик союзунун пайдасына Б.С.дон 167730 сом 13 т. өндүрүлгөн. Чечимдин «Б.Сдун кредиттик карызы күрөөдө турган дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүлсүн» деген бөлүгү алынып салынган. Апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган. Б.С.дон мамлекеттик алым үчүн 16773 сом өндүрүлгөн (төрагалык кылган - судья: А.Абдыбеков, судьялар: А.Орозалиев, Т.Ташмамбетов - баяндоочу). КР Жогорку сотунун судьясынын Б.Батыралиевдин баяндамасын, ишке катышкан тараптардын пикирин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
«А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б. сотко доо арыз менен кайрылып, анда жоопкер Б.С.ден 618225 сом 13 т. өндүрүүнү жана 618225 сом 13т. күрөөдө турган У.Кнын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүүнү сураган. Нарын шаардык сотунун 2013-жылдын 11-октябрындагы чечими менен «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Бдун доо арызы канааттандырылган. «А-А» кредиттик союзунун пайдасына Б.С.ден 618225 сом 13 т. өндүрүлгөн. Б.Сдин 618225 сом 13 т. кредиттик карызы күрөөдө турган У.Кнын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүлгөн (төрагалык кылган - судья: Султаналиев М.К.). Апелляциялык инстанциядагы соту тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актысы кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|