Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 27-январындагы токтому
Иш № АД-000822/14-МО Көзөмөл өндүрүшү № 6-119/14 СА
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Джумашов К.О., судьялар: Акматов Б.Дж., Токбаева А.А., катчы: Ташиев А., тараптар: Сарай айыл округунун өкүлү - Ж.Б.Ормошевдин (2015-жылдын 26-январындагы № 57 ишеним каттын негизинде) катышуусу менен, ачык соттук отурумда Д.Токоевдин Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 5-августундагы аныктамасына, ал аныктама менен арыз канааттандырылган. Ош областынын прокуратурасынын арызы чечилип, сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин Кара-Суу районунун Сарай айыл округунун Присавай участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун 13 га жер тилкесиндеги беденин биринчи жана экинчи орумунан алган түшүмүн эч жака жылдырбоо жана кийинки орумдарын да оргонго Аким Баатырга жана Токоев Даниярга тыюу салынган (Төрагалык кылган судья: К.Пирматов), жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасына карата көзөмөл иретинде келтирилген даттануусун карап, ал аныктама менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 5-августундагы аныктамасын өз күчүндө, жеке даттанууну канааттандыруусуз калтырган (Төрагалык кылган жана судья-баяндоочу: Р.Каримова, судьялар: К.Салиев, Б.Мурзабеков)
ТАПТЫ:
Ош областынын прокуратурасы Сарай айыл округуна, Токоев Даниярга карата Сарай айыл округунун 2007-жылдын 4-ноябрында Д.Токоевдин атына чыккан № 4 токтомун, Сарай айыл округу менен Д.Токоевдин ортосунда 2008-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн келишимди, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан Д.Токоевдин атына 2010-жылдын 10-ноябрында берилген № 23813 күбөлүгүн жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Жогоруда көрсөтүлгөн арыздан сырткары жоопкер Сарай айыл округунан доону камсыздоо чарасын көрүү тууралуу арызы келип түшүп, аталган талаш маселе каралып, чечим чыкканга чейин беденин биринчи жана экинчи орумунан алган түшүмүн эч жакка жылдырбоо жана беденин кийинки орумдарын да оргонго Аким Баатырдын, Токоев Даниярдын аракетине тыюу салууну суранган. Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|