Депутаттарда чектелген иммунитет болуш керек
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева:
Суроо: - Жылдыз Жээнбаевна, министрликке жарандар кандай суроолор менен көп кайрылышат? Жооп: - Жарандарыбыз ар түрдүү маселелер, негизинен мүлктүк талаш, мурас укугу, эмгек мамилелери, никени бузуу, жашы жете электердин укугу ж.б. суроолор менен кайрылышат. Кайрылгандардын баарына тиешелүү маалымат, кеңештерди бергенге аракет жасайбыз. Айрым жарандарыбыз мыйзамдарды жакшы билбегендиктен, көп жаңылыштыктарга дуушар болуп калат. Мындай учурда жарандар юристтердин кеңешине муктаж болот. Министрликке 9 айдын ичинде 5060 жаран кайрылган. Мындан тышкары атайын электрондук почта аркылуу кайрылган жарандарыбыз да бар.
Суроо: - 6-чакырылыштагы парламенттин айрым өкүлдөрү депутаттык кол тийбестиктен баш тартууну демилгелеп жатышат. Адис катары айтсаңыз, кол тийбестик алынса депутаттар айтып чыккан пикирине жооп берип калышпайбы? Жооп: - Депутаттык кол тийбестикти алып салууну дыкат кароо башкы зарылчылык. Анткени чектелген иммунитет (коргонуу) болушу керек. Мисалы депутаттын кол тийбестиги алынып калса, депутат катары айткан пикири үчүн жоопкерчиликке тартылганы туура эмес. Бирок, ал оор кылмыш жасаса, мамлекетке каршы чыккынчылык иш кылса, коррупциялык көрүнүштөргө аралашып мыйзамды бузса, анда ал жоопкерчиликке тартылышы абзел. Ошондуктан, бул маселени ар тараптан кароо зарыл. Андан кийин гана бир чечимди кабыл алуу керек.
Суроо: - Сентябрь айында экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууга алынган эле. Аталган мыйзам долбоору жөнүндө маалымат берсеңиз? Жооп: - Улуттук стратегиянын алкагында министрликке аталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу максаты коюлган. Мыйзам боюнча маселени коомдук талкууга алып чыгууга укугубуз жок. Аны мыйзам долбоору деп гана алып чыга алабыз. Бирок, бул жерде таптакыр эле кол тийбестикти алып салуу туралуу сөз болгон жок. Мисалы, Россия менен Казакстанда экс-президенттер эки гана мезгилде жоопкерчиликке тартылат. Биринчиси, экс-президент оор кылмыш кылганда, экинчиси, мамлекетке чыккынчылык жасаганда. Бул жерде кол тийбестик алып салынбайт. Конституцияда иштеп жаткан президентти кызматтан четтетүү нормасы белгиленген. Жогорку Кеңештин, Башпрокурордун корутундусу, үчтөн бир эмес депутаттардын демилгеси боюнча кабыл алынат. Экс-президентти жоопкерчиликке тартуу үчүн ушул сыяктуу процедура болушу зарыл. Учурда аталган процедура каралууда. Мыйзамда бул механизмдер жазылган эмес, андыктан аларды тактоо талап кылынат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|