Мамлекеттик ипотека улуттук валюта менен берилет
Кыргызстанда февраль айынан баштап жарандарды турак жай менен камсыздоо аракети башталды. Ал үчүн атайын «Мамлекеттик ипотекалык компания» түзүлүп, ипотекалык насыя аркылуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында, социалдык өнүгүү системасында эмгектенген жарандар камсыз болот. Бул программа Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Долбоордун негизги максаты жарандардын турак жайга болгон муктаждыктарын жоюу болуп эсептелет. Өкмөт башчы Темир Сариев өлкөдө ипотекалык насыяларды бере турган коммерциялык банктардын саны көп, бирок пайызы жогору болуп мөөнөтү кыска жана АКШ доллары менен берилип келгендигин, турак жай алууну каалагандар алган каражатын жеткире албай жатканын айткан. Белгилүү болгондой, Мамлекеттик ипотекалык компания эң арзан 12 пайыз менен 15 жылга чейин улуттук валюта (сом) менен берет. Аталган тармактарда эмгектенген жарандар мындай кредит алуу үчүн 3 жылдан кем эмес иштөөсү, туруктуу иштеген, алган ипотеканын пайызын төлөй ала турган жаран болушу керек. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын биринчи этабында билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендерге басым жасалса, кийинки этабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында эмгектенгендерге басым жасала баштайт. Экономика жаатындагы адистер мамлекеттик ипотеканын алкагында курулуш тармагы жанданып, экономиканын бир топ тармактары күч алып, эң негизгиси калкка жумушчу орундары түзүлөт дешүүдө. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|