2015-2016-окуу жылына карата педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү план-графигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз билим берүү академиясы сунуштаган 2015-2016-окуу жылына карата педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү план-графигин карап чыгып, буйрук кылам: 1. 2015-2016-окуу жылына карата педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү Кыргыз билим берүү академиясы сунуштаган план-график бекитилсин (тиркелет). 2. Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине: - план-графикте бекитилген курстарга келүүчү педагогикалык адистердин тизмесин тактап, алардын өз убагында катышуусун камсыз кылышсын; - педагогикалык адистерди кезектеги аттестациялоодо алардын квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөндүгү эске алынсын. 3. Кыргыз билим берүү академиясы (А.Мамытов) педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурууну жана алардын илимий-усулдук деңгээлин камсыз кылсын. 4. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы (А.Ж.Рыскелдиева) 2015-жылдын 31-декабрына чейин курстардын финансылык жактан толук камсыздалышын көзөмөлдөсүн. 5. Кыргыз билим берүү академиясы (А.Мамытов) 2015-жылдын 10-октябрына чейин педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборун реформалоо жөнүндө сунуш даярдасын. 6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М.Усеналиев) жүктөлсүн.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 1146/1 буйругу менен бекитилген
2015-2016-окуу жылына педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун План-графиги
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|