Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-июнундагы № 1661-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
1-берене. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-беренесинде: - 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Ушул Мыйзам мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо менен тикелей байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбайт. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарын камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоолорду аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн ички сатып алуулар эрежелерине ылайык жүргүзөт. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана алар ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине каршы келбеши керек.»; - 4 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын. 2. 3-беренесинде: - он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- бюджет жөнүндө мыйзам менен «бюджеттен тышкаркы каражаттар» катары аныкталган акцияларынын 50 (элүү) жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдордун, фонддордун жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттердин, ошондой эле өзүн-өзү каржылаган мекемелердин жана ишканалардын каражаттары;»; - төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: «демпингдик баа - берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөн техникалык-экономикалык негиздеменин, долбоорлук-сметалык документтердин негизинде эсептелип чыккан сатып алуулардын пландаштырылган суммасынан жок дегенде 20 (жыйырма) пайызга төмөн сунушталган баа;»; - жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|