Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 232-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө 1992-жылдын 10-июнундагы келишимде жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана шериктештик жөнүндө 2000-жылдын 27-июлундагы декларацияда бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып, Эркин соода зонасы жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрындагы келишимди жетекчиликке алып, мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүдөгү кызыкчылыктардан улам, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайды жана мунайзаттарды жөнөтүү чөйрөсүндө Тараптардын кызматташуусунун шарттарын аныктоо болуп саналат.
2-берене.
Ушул Макулдашуу боюнча иштерди координациялоону жана ушул Макулдашуунун аткарылышын контролдоону төмөнкү компетенттүү органдар ишке ашырат: - Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги; - Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги. Тараптардын компетенттүү органдары өзгөртүлгөн учурларда дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине токтоосуз кабарландырышат.
3-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары учурдагы ар бир календардык жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасында кийинки календардык жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товарлар) ички керектөөнүн көлөмүн жана номенклатурасын макулдашышат жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн эске алуучу кийинки календардык жылга алар боюнча индикативдүү балансын (мындан ары - индикативдүү баланс) бекитишет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|