Кыргызстан ЕАЭБге кошулду, эмне өзгөрдү?
Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болду. Көпчүлүк жарандар бул күндү күтүп келгени менен анчалык деле өзгөрүү байкалбагандай. Болгону, мигранттарга жагымдуу шарттар түзүлүп, базарларда айрым товарлардын кымбаттай баштаганы байкалууда. Өткөн жылы дыйкандар картошканы көп эгип алышып сата албай убара тартышкан эле. 12-августтан тарта Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин чек араларынын ачылышы менен жакшы шарттар түзүлүп, дыйкандар өндүргөн продукцияларын каалаган жагына сата алабыз дешүүдө. Андыктан картошканын, жер-жемиштердин түшүмүн жакшы алышса дыйкандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, биримдиктеги өлкөлөргө тоскоолдуксуз өткөрүүгө жол ачылды. Учурда Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда логистикалык борборлор курулууда. Ал дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштеринин сапатын жоготпоо үчүн атайын сактай турган борбор болуп эсептелет. Мындай борборлордун болушу дыйкандар үчүн түзүлгөн шарттардын бири болуп өндүргөн продукцияларынан кол жууп калышпайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|