Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 19-декабрындагы токтому
Иш № АД-168/16 МД Көзөмөл өндүрүшү № 6-119/16 СА
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Боронбаева Д.С., судьялар: Арапбаев Н.М., Осмоналиев К.Т., сот отурумунун катчысы: Токтогазиев Р., тараптарсыз, ачык соттук отурумда Ш.Акбарованын Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги аныктамасына, Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 3-июнундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын угуп,
ТАПТЫ:
Ф.Шериазданова сотко арыз менен кайрылып, анда Сузак айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-февралындагы № 2149 токтомун, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 24-февралында А.Акбаровдун атына даярдалган техникалык паспортун жараксыз деп таап берүүнү сураган. Ошону менен бирге Ф.Шериазданова арызды камсыз кылуу жөнүндө арызы менен кайрылган. Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги аныктамасы менен Ф.Шериазданованын арызды камсыз кылуу жөнүндөгү арызы канааттандырылган. Сузак районунун Сузак айылынын Больничная көчөсүнүн № 19 үйүнүн тургундары Ш.Акбаровго жана Ш.Акбаровага аталган даректеги жер участкасына бул талаш чечилип бүткөнгө чейин курулуштарды курууга, айрым иш-аракеттерди жасоого тыюу салынган. Сузак районунун Сузак айылынын Больничная көчөсүндө жайгашкан А.Акбаровдун атында 3-05-11-1001-1338 сандуу сыр белгиси менен катталган турак-жай Ф.Шериазданованын арызы чечилгенге чейин камакка алынган (судья Абдыкадыров К.А.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|