Тарыхый эскерүүбүз негизсиз доомат коюуларга айланбасын
Эмдиги жылы кыргыз элинин тарых-тагдырындагы эң кайгылуу окуялардын биринен болгон улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул боюнча Президенттин Жарлыгы чыгып, ага карата даярдыктар көрүлуп жатат. Демек, саясий, моралдык, этикалык ж.б. маселелерди камтыган бул тарых сабагына өтө этияттык, сабырдуулук, токтоолук менен карап, эч бир пайда-батасы жок кызуу кандуулукка, эмоцияларга жол бербей, жети өлчөп, бир кесүү аркылуу туура баа берип алууга жетишүүбүз талап кылынат.
Кыйын кезеңдердин кыйласы өткөн
Албетте, кыргыз эли байыркы, тарых издеринде аты калган улуу элдердин биринен деп айтып да, жазып да, сыймыктанып да келебиз. «Манас» эпосубузду да ошол басып өткөн жолубуздун эпикалык жанрда чагылдырылышы катары кабылдайбыз. «Могулстандын жапайы арстандары» атыккан ата-бабаларыбыз улуу Кыргыз каганатын түзүп, атак-даңкы таш жарып тургандыгын да тарыхтын саргайган барактары эскертип турат. Тээ байыртадан бери чоң да, майда да уруулар, элдер, алардын ичинде кытайлар, калмактар ж.б. менен болгон кандуу кагылышуу-кармаштарда, жортуулдарда суудай аккан канга чыланып, бирде кырылып, азайып, бөксөрүп, бирде кайра жаралып, жоктон бар болуп,укум-тукум улап, көбөйүп олтуруп, нечен кылымдарды карытып, бирок эл, улут катары таптакыр жок болуп кетпей, өз элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, каада-салтын сактап келди. Ошондуктан, элибиздин басып өткөн жолунда бир эле 16-жыл эмес, башка да кайгылуу окуялар болгондугун жадыбыздан чыгарбастан кошо эске сала жүргөнүбүз оң болоор. Себеби, элибизге бүлүк салган, кайгы жуткурган, «кайың барбы кыргыз сөөгү жатпаган» деп сай-сөөктү сыздатып, айтылып калган кандуу кыргындарга кабылып, тең ата боло эрдик менен кармашып, жоокер эл катары даңкы алыска кетип, кыргыздар менен да эсептешип турган мезгил-доорлор болгондугун унутпай жүрөлү. Андыктан, кыргыз элинин жыйырманчы кылымдын 16-жылындагы кайгылуу тагдырын ошол басып өткөн жолуна тете, атүгүл андан да өткөн кыйын кезеңдер менен ажырагыс түрдө карап жүрүүдөн өтөөрү жок.
Орус эли эмес, ак падышанын бийлиги күнөөлүү
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|