Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 27-июнундагы токтому
Иш № ЭД-76/15-МН К/ө № 6-227/16 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Акматов Б.Дж., сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу А. тараптар «Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын өкүлү Абдылдаевдин А.А., Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Абдраевдин Д.А., Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Мамадилованын Ж.И. катышуусунда, ачык соттук отурумда Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 2-апрелиндеги чечимине, Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап, Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 2-апрелиндеги чечими менен «Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын доо арызы толугу менен канааттандырылган. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан «ЧыгышЭлектр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын пайдасына электр энергия боюнча негизи карызы 61,572,80 сом, НДС 7388,74 сом, НСП 615,73 сом, туум 10551,13 сом, баардыгы 80128,40 сом өндүрүлгөн. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан 3705 сом мамлекеттик алым жана 100 сом почта чыгымдары, баардыгы 3805 сом өндүрүлгөн. (төрагалык кылуучу: Акбердиев М.Т.) Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 8-июлундагы токтому менен Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 2-апрелиндеги чечими күчүндө калтырылган. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан 1 852 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (төрагалык кылуучу жана баяндамачы: Амиракулова З., судьялар: Байышов М., Орозалиев А.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Б.Акматовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия
ТАПТЫ:
«Чыгыш Электр» ААКнун Нарындагы филиалы, сотко Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 80 128,40 сом электр энергияга болгон карызды өндүрүү жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Биринчи жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылары кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|