Көчмөндөр оюнуна 100дөн ашуун мамлекет көз салып турат
Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюндарын утурлап Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмазбек Касеновго кайрылып, алдыдагы оюндарга даярдыктары туурасында маектештик. Алмазбек Касенов:
Суроо: - Алмаз мырза, Дүйнөлүк II көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Түркияга жолугушууга барып келдиңиздер. Жолугушуу алкагында кандай иштер аткарылды? Жооп: - Кыргызстанга Туркиядан келип Көчмөндөр оюндарынын жобосун тактап кетишкен. Ошол жобону Түркия, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринин спорт министрлери жана Кыргызстандын спорт агенттигинен, улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан жетекчилер Түркиянын өзүндө жобону бекитип беришти. Жакында эле Түрксойдун катчылыгынан Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн регламенти келди. Регламенттин негизинде чет өлколүк катышуучулар, коноктор чакырылат. Буга чейин төрт мамлекеттин ортосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү президенттер кабыл алып, кол коюшкан. Алардын колдоосу менен Кыргызстанда өтүп жатат. Бирок өткөрүү чыгымдарын бүтүндөй Кыргызстан өзү көтөрүп жатат.
Суроо: - Жалпысынан канча мамлекет келип катыша турган болду? Дүйнөлүк II кочмондөр оюндары кыргыз элине тиешелүү улуттук оюндар менен ачылабы? Жооп: - Болжол менен кырк мамлекеттин тегерегинде келиши мүмкүн. Канча мамлекеттен канча команда жана канча оюнчу келерин так айта албайбыз. Биз 40 деген санды алган менен ал алтымыштан ашып да кетиши мүмкүн. Анткени бизде өтө турган бул оюндарга дүйнөнүн чар тарабынан кызыгуулар болуп жатат. Ал эми, оюндардын ачылышы Жана жабылышына карата атайын өзүнчө топ иштегендиктен, оюндун башталышы сыр боюнча сакталат. Оюндардын ээси катары кыргыздын каада-салты менен ачылса керек. Кандай болсо да кыргыздын колорити сакталат деген ойдомун.
Суроо: - Белгиленген 25 оюндан кемип же жаңылары кошулуп калышы мүмкүнбү? Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|