Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги токтому
Иш № АД-148/14МБа К/ө № 6-37/16 СА
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К., судьялар: Акматов Б.Дж., Боронбаева Д.С., соттук отурумдун катчысы: Жаныбек уулу А., тараптар: Ж.Ураимов жана анын өкүлү - Б.Нишановдун, К.Кудайбергеновдун жана У.Ахматовдун өкүлү - К.Сатимкуловдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - Т.Мурзакуловдун катышуусунда, ачык соттук отурумда К.Кудайбергеновдун жана У.Ахматовдун Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 3-декабрындагы аныктамасына, Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 21-январындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап, Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 3-декабрындагы аныктамасы менен К.Кудайбергеновдун жана У.Ахматовдун арызы канааттандыруусуз калтырылган. Баткен облусунун райондор аралык сотунун № АД-148/2014 Мба сандуу иши боюнча 2014-жылдын 30-июлундагы чечимин, Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы аныктамасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 31-мартындагы токтомун жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароодон баш тартылган (төрагалык кылган: Туленбаев Т.А.), Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 21-январындагы аныктамасы менен Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 3-декабрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз, апелляциялык жекече даттануу канааттандыруусуз калтырылган. К.Кудайбергенов менен У.Ахматовдон ортоктош түрдө 200 сом соттук чыгым мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылган: Толубаева У.М., судьялар: Түмөнөв А.Ж., Айжигитов Б.А. - баяндоочу),
ТАПТЫ:
Ж.Ураимов Баткен облусунун райондор аралык сотуна Кызыл-Кыя шаардык Мэриясына, К.Кудайбергеновго жана У.Ахматовго карата Кызыл-Кыя шаардык Мэриясынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 461 жана № 473 токтомдорун жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2014-жылдын 30-июлундагы чечими менен Ж.Ураимовдун арызы толугу менен канааттандырылган. Кызыл-Кыя шаардык Мэриясынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 461 токтому жана 2012-жылдын 31-октябрындагы № 473 токтому жараксыз деп табылган. Кызыл-Кыя шаардык Мэриясынан мамлекеттин пайдасына 2000 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|